Турмуш-тиричилиги оңолуу, бир нерсеге жетишип кеңеле баштоо. Этегиң эми бутөлду го, кайда эле жарыган неме элең, - деп каарып кирди (Абдукаримов).
Турмуш-тиричилиги оңолуу, бир нерсеге жетишип кеңеле баштоо. Этегиң эми бүтөлдү го, кайда эле жарыган неме элең, – деп каарып кирди (Абдукаримов). В.: Этеги узаруу. Мага келип, мени менен коңшу болгон соң гана ушинтип этегиң узарып отурат (Үмөталиев). Баары бир этеги узарбайт, тумшугу жарыбайт шум баланын (Осмоналиев). Этеги эки болуу. – Ошол он-он беш тыйынга этегиң деле эки болуп кетпеди го, Аписа... (Жусупов). Эки-экиден чабышып жүрүп алардын этеги эки болдубу (Осмоналиев).